кыйкырык
- Катуу чыккан үн, добуш, бакырык, өкүрүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздан чыккан кыраандын, / Кыйкырыгы таш жарып, / Жолунан тосо чыкканы, / Камчысын булгап Көкбөрү, / Каршы алдынан чапканы, / Хандан жарлык болгондо, / Калбай аскер каптады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык сүрөөндө, / Ашкере баатыр баланын, / Алдынан чыгып жол кошту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п кынынан, / Жандан тойуп так жадап, / Аша кечип жанынан, / Жалтылдатып кылычын, / Жан алам деп күркүрөп, / Түрүн көргөн Төбөйдүн, / Далайлар жандан түңүлүп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кыйырдан келип урганы, / Кыраандын уулу Кененим, / Найза менен камына, / Булчуң эткен сайганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эстен танып Айжаңжүн, / Кой эти бышым сандалып, / Көзүн ачып караса, / Топурак басып, тунарып, / Тийген күн жок кылайып, / “Бурут жаман шум экен, / Кыйкырыгы бул экен, / Алооке калдай, Дөөкандар, / Коркору мындан чын экен, / Коркору мындан чын экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →