кыйкылда

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кыйк-чыйк эткен дабыш чыгаруу (мис., тамак кысылганда).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канчоро менен Чачыкей, / Кыйналып чыкты тер кыстап, / Кара басып кыйкылдап, / Азуулары кыйчылдап... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каз-өрдөктөр үн салып, / Абалап учуп торгойлор, / Нечен түрдүү күү салып, / Таандар учуп кыйкылдап, / Турналары чуйкулдап, / Аңырлары аңкылдап, / Аккуулар учуп жаркылдап, / Асманда учуп бүркүттөр, / Таң чабыты калкылдап, / Бийиктен учуп кажырлар, / Тарп кара… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үч-төрт койду саадыргандан кийин, көпүрөгө келген эшектей кыйык бир кара токтуну кыйкылдатып, зорго жетелеп келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →