кыйгачта

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Түз эмес, кыйгач басуу, жүрүү, бир жагына кыйшаюу, кыйгач абалда болуу.
  2. өт. Сыртын салуу, алыстоо, тескериленүү, жактырбоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойлорунда турушту, / “Келбейт деп буга эч бенде, / Күдүңдөп Бетер кеп баштап: / — Күйөрүм, Отор, — деп баштап, / Кулагың угуп сен кеттиң, / Күүлөндү Батай кыйгачтап, / Экөөбүздү бир деди, / Кудай урсун бул экөөн, / Түпкүлүгүн билбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тарамышын жаралап, / Булчуң этти аралап, / Чокмор колдон бош түшүп, / Кесилет көзү алаңдап, / Кененимдин Кеңкула ат, / Ооздук тиштеп кыйгачтап, / Өтө берди жалаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Жаш Айдар минген Мааникер, / Жал-куйругу жайылып, / Суулугу жерге салынып, / Ооздук тиштеп кыйгачтап, / Токтоно албай ыргыштап, / Кирип келип чогууга, / Жаш Айдар туруп муну айтар: / — Арстан Манас баштаган, / Чогулуп турган алптарга, / Кебим бар менин айтарга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласты карай басканда, / Баспай калган Телкүрөң, / Жүрүп кетти ыкчамдап, / Канаттуудай дыркырап, / Урган таштай зыркырап, / Токтоно албай ыргыштап, / Кологойлоп кыйгачтап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Балта жетпес кыйгачтап, / Басып өтө берерде, / Кара күчкө беттешип, / Качып өтө берерде, / Билбей бала калган жок, / Билгич жанда мындай жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →