кыйгач1

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Кыйшык, түз эмес, бир жакка оогон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үнүң каар, өңүң заар, / Көзүң кыйгач, ичиң чаар, / Таруудай бетте каның жок, / Кабуу тапсаң кишиге, / Ыракым кылар пейлиң жок, / Манастайсың бакырып, / Жөн жаткызбай көрүнө, / Атынан айтып чакырып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара атчандын жанында, / Кыйгач туура жагында, / Бойго жеткен кыз турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кырдуу мурун кара көз, / Кызыл беттүү кыйгач каш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ар, / Баатырдын айткан кебине, / Такалып баарың калдыңар, / Көп сүйлөйт деп Малдыбек, / Күдүңдөшүп калбаңар, / Узунбу, кыска сөзүмдү, / Мен айтайын тыңшаңар, / Кыйгачыбы, түзүбү, / Кыйынсың баарың сындаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →