кыйгактуу

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Кыйгак чөбү бар, кыйгак чөп өскөн (мис., жер).
  2. Эки миздүү, кырдуу, өткүр, курч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаңылап келген кытайдан, / Кыйгактуу найза колунда, / Кыргыз эмес кылымды, / Жалгыз алыш ойунда, / Көпкөк темир кийинген, / Турган тулку бойуна, / Күчүн-күчкө улаган, / Өчүгүшкөн душманы, / Капыле… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыраан бала Кененим, / Кыйгактуу чынар түп жагын, / Кыйа кармап бекемдеп, / Булгап-булгап ийгени, / Жараңка башы чынардын, / Кызыл алпка тийгени, / Талаадай болгон кең бетти, / Кыйа-чийе тилгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыйгактуу найза колго алып, / Куйундатып тулпарын, / Кырынан келип бир сайып, / Баш аламан койгулап, / Барган сайын Жетилбай, / Ур дегиче үчтү чаап, / Жалдырап турат Акы дөө, / Мыдыр этер шайы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйгактуу найза ала элек, / Кыйкырып жоого тийе элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ээрчитип алып бастырып, / Насыйатын тапшырып: / “Сен кыйгактуу найза ала элек, / Кыйкырып жоого тийе элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →