кыйгак

китептерде 1 жолу
  1. Найзанын болот учу. Найзанын уч жагына бекитилген курч миздүү металл бөлүгү.
  2. Узун ичке жалбырактуу болуп, жалбырагын төмөн карай сыдырса колду тилип кетүүчү чөп өсүмдүгү.
  3. өт. Уу, уулантуучу, мас кылуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…й, / Кылчалык чочко солк этпей, / Кийими темир уйуткан, / Найзадан темир курчу өтпөй, / Күүсү менен Буурулдун, / Семетей өтө бергенде, / Теңи сынып жоголгон, / Кыйгагы кеткен найзасын, / Баштагы бүтүн немедей, / Семетейдин жонуна, / Көк бука менен тап берип, / Май сооруну болжолдоп, / Күүсү менен койду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →