кый
- Кандайдыр бир курал менен кесе чабуу, чаап кесүү; кесип жыгуу (мис., теректи).
- Тууралап, ылайыктап эп келтирүү, эп келтирип жасоо.
- Кандайдыр бир нерседен кечүү, аябоо, ыраа көрүү, берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Дабытайды алпарып, / Бастырып жарга жоготуп, / Кайта келип кырат деп, / Канды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү шайдоот Кайыпчал, / Кызын алып кепке ороп, / Үргөнчтүн барып жерине, / Кыйбанын келип элине, / Баланы жерге таштады, / Маарап келип бир аркар, / Эмизе кызды баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →