кызыл

китептерде 1365 жолу, 10 китепте
  1. Кандын ыраңындай түс.
  2. тар. Революциялык кыймылга тиешелүү, кеңеш өкмөтүнө, кеңештик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда).
  3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат.
  4. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кеткен экен деп угам, / Анда Көкүн бар болсо, / Бара алат беле борборго, / Кол сала албайт болучу, / Кызыл мастен ордого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кызылдан кылдап кийгиздим, / Желбестен жорго мингиздим, / Манастын уулу деп жүрдүм, / Качан башка дегиздим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →