кызматчы
- Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер.
- Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши.
- өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– Баягы энем өлүмдөн алып калган кызматчы жигит калды, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →