кызматкер

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам.
  2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү.
  3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыз олуйа дегендин, / Кызматкери боломун, / Жанымды койуп көөдөнгө, / Ташка айлантып тениңди, / Токтотуп койом жөн эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир балага он киши, / Кызматкер кылып буйруптур, / Бүткөн бойун жуудуруп, / Белине асыл буудуруп, / Эркиңче бакты балдарды, / Ай, деп айтпай кутуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ороолонуп Тапан хан, / Одураңдап бакырып, / Кызматкерин чакырып, / Кылычын тартты кынынан, / Кыйкырыгы таш жарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сатай, ылдам, болгун, — деп, / Кемпир менен балдарды, / Жай-жаткызып кондур, –деп, / Сомбилек баатыр шаштырып, / Алып барып аларды, / Айабай сыйлап жаткырды, / Бирине бештен кызматкер, / Так алты күн бактырды, / Артып келген жүктөрүн, / Өздөрүнө ачтырды, / Бекбачага берген заар, / Кол сандыктан таптырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →