кызмат

китептерде 239 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү өлчөмдөгү акы үчүн акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон айрым тармагында иштелген иш, кесип.
  2. Эмгек, жумуш, иш.
  3. Бирөө үчүн иштелген иш, бирөөгө кылган жакшылык, пайда, жардам ж.б. аракет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →