кызгалдактай
- Кызгалдакка окшош, кызыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайдын корум ташындай, / Сай-салаага мал толду, / Казанда майын сапырып, / Ичкени кымыз, бал болду, / Кызгалдактай кыздары, / Кырмызы аруу шай болду, / Мен балдарга айтайын, / Келиптирсиң атайын, / Барып тургун калмагым, - / Кырсылдап күлүп Жакып бай, / Ал Манаска жетиптир,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бешим маалы болгондо, / Эрке катын Чачыкей, / Ордодон чыкты маңкайып, / Ак кулжадай даңкайып, / Эки жагын каранып, / Карчыгадай таранып, / Кызгалдактай кылактап, / Асталай басып булактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кызгалдактай кырчын жан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →