кызгалдак
- Кызыл гүлү кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ки болгондо, / Кутула албайт бизден ал» / Деп Кубулжан ойлонуп, / Бара-бара чоңойуп, / Бойго жеткен кыз болуп, / Жез оймокто уз болуп, / Кызылы-кызыл агы-ак, / Кызгалдак чөпкө окшонуп, / Ийни салкы мойну кез, / Ойкуштанып оштонуп, / Кененимдин жанына, / Келип турду койкойуп: / — Кепке келгин Кененим, / Кекенишип сен менен, / Эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашмура башы Жетитөр, / Ишенбесең барып көр, / Бетеге менен кызгалдак, / Жел аңкыса, аңкып жыт бурап, / Кара кыйак, буудай баш, / Шамал ыргап кулпурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөбүн барып оттобой, / Түш көргөн айбан кубанган, / Адыры көдөө, кызгалдак, / Байчечекей гүл жайнап, / Жолукка сайган саймадай, / Түрчечекей ыргалат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чөптүн баары баш алып, / Агы кайсы, көк кайсы, / Сары, кызыл кошулуп, / Сан-санаксыз чечекей, / Кызгалдак түрү башкача, / Тумшукка килем жайгандай, / Кайыңы көккө созулуп, / Жыгачтын баары шаңданып, / Карагайдай бой созуп, / Арчанын жыты буркурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →