кызаңда
- Каны кызуу, ачуусу келүү, ызалануу, чычалоо.
- Кийимдин жыртыгынан же ачык жеринен дене көрүнүп туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакалашып тартышып, / Оодара тартып кеталбай, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Соот менен күрөөкө, / Тигишинен бөлүнүп, / Кей кезинде кызаңдап, / Эттери калды көрүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ой кетет чолоңдоп, / Улак кетет сереңдеп, / Жиңгек атып куйултуп, / Чынак уй качат чычаңдап, / Эгинге кирет бир жерге, / Малыңды тосуп албай, деп, / Ээси келет кызаңдап, / Азабын тартып мен жүрдүм, / Мана минтип кыйшаңдап, / Алты айдын ары жагында, / Сени келип кетти, деп, / Уктум эле укмуштан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн темир тон, / Дал-дал болуп бөлүндү, / Бадананын жынжыры, / Кошуусунан сөгүлдү, / Кээ жеринен кызаңдап, / Чочконун эти көрүндү, / Эми сайып алам, деп, / Эрен Манас өмүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →