кыз

китептерде 1924 жолу, 10 китепте
  1. Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы, ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам.
  2. Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата тергөө катары колдонуучу сөзү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Иниңди баккын урматтап, / Кызыңды баккын кымбаттап, / Элиңди баккын туз актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл бил… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →