кыжырлан

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Каны кызуу, ачуулануу, жини келүү, туталануу, кыжыры келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйкырышаар кез келди, / Кыжырланган душманга, / Кысталышкан заманда, / Ата журтум Алашка, / Кызмат кылар чак келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Кыжырланып алганы, / Шабыркандын сайынан, / Сүйүн менен Чолпонбай, / Жол тосуп тура калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Барсак бербейт кыргыз, деп, / Бул үмүт алыс жылдыз, деп, / Катарлап башын кести, деп, / Кайран балдар кетти, деп, / Олойто чукуп көз алды, / Боорун жарып өт алды, / Ушинтип боздоп бул жерде, / Биз тартканча күйүт, деп, / Өч алалы кыргыздан, / Кырылышып жүрүп, деп, / Кырк жаңжүн жүргөн кез эле, / Кыжырлана күдүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп күпүлдөп зор Кыйаз, / Айтпаганы калбады, / Кыжырланып алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыжырланып ошентип, / Азуулары кычырап, / Эттерине сары түк, / Соотту тешип саксайып, / Токойдон чыккан шер өңдүү, / Сакал, мурут сапсайып, / Ачып көзүн караса, / Ай тийгендей чакчайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →