кыжыр
- Ачуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…үл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип тентип калыптыр,- / Ушул кабар укканда, / Кыжыр толду Манаска, / Кепти угуп күүлөнүп, / Бузулуп өңү түрлөнүп, / Манас турду күркүрөп, / Жан алчудай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Капаланып кыжырдап, / Тиштесе тиши кычырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →