кыжылдаш
- Бирөө менен кыжы-кужу болуу, айтышуу, тартышуу, чырдашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурашып сүйлөшүп, / Курсагынын камын жеп, / Кыжылдашып жатканда, / Коржоңдоп чоро барганы, / Тогуз, ону арыкта, / Топтошуп туруп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →