кыжылда

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Ачып кетүү, быкылдап ачып кетүү (мис., шарап, бозо).
  2. Быкылдоо, өтө көп болуу.
  3. Түшүнүксүз башка тилде сүйлөө.
  4. Кыжы-кужу болуу, айтышуу, тартышуу, чырдашуу; дайынсыз көп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кумурскадай кыжылдап, / Кара курттай быжылдап, / Каптап кирди төрт урук, / Алтымыш миң кишиге, / Жалгыз Асыл бой уруп, / Кыйкырып кирди аралап, / Кылычтын каны чубуруп, / Каарданга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…онун Алмаң кийгизип, / Кечилдин ханы келди, деп, / Көргөн элге билгизип, / Иле менен Алмамбет, / Пайдасын элге тийгизип, / Кыркуудан чыга калыптыр, / Кажы-кужу кыжылдап, / Кара курттай быжылдап, / Жердин бети чымырап, / Кумурскадай кыбырап, / Сандаган черүү аскерге, / Жер бети толуп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тосмо суудай мемиреген жазы, жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →