кыдырма

китептерде 14 жолу
  1. Кыдырып жүрүүчү, кыдырып бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүүгө ылайыкталган.
  2. сүйл. Көп айылчылаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кыдырма мунун жалгыз баласы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кожоюнубуздун катыны күндөгү убакта Кыдырма, Беккул мен үчөөбүздү отунга жумшап жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Айылчы — арамза неме, кээде Кыдырма менен менин кокозомду карап коюп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок Кыдырма экөөбүз мындай кылбайбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
…н оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →