кыдыр1

китептерде 163 жолу, 10 китепте
  1. Улам бир жерге баруу, улам бирине, бирден-бирге өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мойнунан байлап тайгандай, / Ай-ааламды кыдыртып, / Аныктап берем эсепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыдыртып элди айдады, / Барбаган айлы калбады, / Күнү айдап төрт бала, / Түнү айдап төрт бала, / Түн айдаган күн уктап, / Күн айдаган түн уктап, / Күнү-түнүн эсеби, / Жарым ай жүрдү таскактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Оокатым өтпөй, баламды бирөөгө күчүн берейин деп эл кыдырып жүрөм. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →