кыбыра2
- Төртүнчү муундагы тукум, чөбүрөнүн баласы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздын элин караса, / Кыбырабай жай жаткан, / Коросон, испан, калмактан, / Селдей болуп кан аккан, / Атайын киши жиберип, / Кыргыздан муну сураткан, / Биз билбейбиз деп койду, / Билбегенге жооп жок, / Аны менен тим болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чогултуп бурдай кармады, / Кыймылдай бирөө албады, / Кыбыратпай кырк итти, / Кыркын Мажик байлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…оо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көпөлөк учуп, гүл жайнап, / Булбул сайрап, тил безеп, / Жан-жаныбар кыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →