кучакта
- Кучагына алуу, кулачын жайып, кучагына оролто кысуу.
- Бир нерсени кучагына кыса көтөрүү, кучагына оролтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ан капырды, / Кабуусуна келтирип, / Ээктин алды бези деп, / Кулак түбү ушу, деп, / Муштап өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден башы бөлүндү, / Бу да көрдү өлүмдү, / Агачалык каңгайдан, / Жана бир бөлүндү, / Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тирүү жанын койбоду, / Жер кучактап сойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Экөөн найза тешпеди, / Акимсиген Чойун алп, / Алдында минген буудандан, / Аңтарылып кеткени, / Жер кучактап жыгылды, / Эр кишидей асыра, / Алдыңда минген атыңды, / Дууланып калган Кеңкула, / Аттай чуркап кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабылан шерди кучактап, / Оодарылып атынан, / Чубак жетти дардактап, / Аламан болуп турган чак, / Чоролор чуркап далдактап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…көн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өзүң аман барыңда, / Ошол кезде өлбөдүм, / Канчор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →