кучак
- Кучактоо үчүн эки колду оролто жайгандагы абал, ополто жайылган кулачтын эни, көлөмү.
- өт. Оролгон, курчалган, текши камтылган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буттары чынар бутагы, / Балтырына адамдын, / Жетээр эмес кучагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, / Бий, акимдер чогулуп, / Арбын кеңеш кылышты, / Өткүр балта, курч бычак, / Кучак-кучак жыйышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келген болучу, / Жоондугу жыгачтын, / Алты кучак толучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чылбырынан кармаса, / Тутам эмес кучакка, / Бата албайт чылбыр караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →