куурчак
- Адамга (көбүнчө балага) окшоштуруп жасалган балдардын оюнчугу.
- «Татынакай», «кол менен жасап койгондой», «кооз», «келишимдүү» деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н караса, / Каны жатат жайылып, / Кумсар сыйкыр шумданып, / Куунайзаны куткарып, / Чогултуптур бир жерге, / Барлык чоңду жам кылып, / Куунайзанын ордуна, / Бир куурчакты сайдырып, / Топуракты өзгөртүп, / Жыгылган жерин кан кылып, / Тирүүлүккө коорконуп, / Тапактын мурду барбыйып, / Кудай бетин нары кыл, / Куткарбастын элинен, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →