куура
- Өсүп, көгөрүп турган абалында болбой, соолуган же кургап, катып калган абалга келүү.
- Кургоо, куудураган, катып калган абалда болуу.
- өт. Кыйынчылык тартуу, кысталуу, кордук көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш күнү күйөмүн, / Аладырдын жеринде, / Алдайгырдын белинде, / Он беш күндө келбесең, / Бар малыңды жыйнатам, / Кыргызды карай айдатам, / Талкан кылып шаарыңды, / Андан кийин кыйратам, / Таштан салган шаарыңды, / Талкалаймын баарыңды, / Кумдан салган шаарыңды, / Кулатамын тамыңды, / Кууратамын баарыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кутулуп кете албайсың, / Кууратамын эми мен, / Былкылдатпай тордодум, / Куу туйак, сени койбойум!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Анык угуп Кененим, / Көбөйбөгөн аз жакта, / Коросон менен испандык, / Бүгүн менден пас жакта, / Колботуп кошуун кура элек, / Батыш менен чыгыштын - / Баарына кабар кыла элек, / Кур семирген буларды, / Кууратайын аны деп, / Антип келип калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Сыр найзаны берем деп, / Абамдын айткан кеби — деп, / Берерге келди эби, — деп, / Кутубайдын Карадөө, / Ме, алпарып бергин” деп, / Кутубайдын Карадөө, / Алдына куура өңөрүп, / Өңөргөн менен ал турду, / Салмактаган жагына, / Тең боло албай көгөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арстандардан ажырап, / Калама арык кулады, / Суу акпай какшып куурады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →