куунак

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кайгы-капасы, санаасы жок, жайдары, көңүлү ачык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тыбай минди атына, / Бастырчудай камданып, / Бактыбай айтат ошондо, / Аркасын карап кылчайып: / — Карыйабыз Аккубак, / Жатып тургун коргондо, / Жайбаракат көөн куунак, / Ак калпак кыргыз аркасы, / Алаштын болгон калкасы, / Кененим, көкжал, өзүң тур, / Айткан кепке көңүл бур, / Ордонун ханы Орунбай, / Токсон балбан ээрчитип, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алабектен кеп угуп, / Малабек менен Козубек, / Карсылдап күлүп кошулуп: / — Айтканың акыл, Алабек, / Бекбача кайтып келгенде, / Үчөөбүз кайтып кетсек — деп, / Кеңеш кылып олтуруп, / Куунак көңүл турушту, / Кеңеш кебин толтуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алты шаар, Анжыдан, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Манастан бери карата, / Көөнү куунак жай жаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыргыздан кырааң эр Семең, / Кыйкыра түшүп кеп айтат: / «Көөнүң куунак жай белең? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сомбилек барып караса, / Таласта элде тамаша, / Көөнү куунак жай жатат, / Көкбөрү тартып, кунан чаап, / Жаштары талаа чаңдатат, / Чалкалаган төрлөрдө, / Кымызга кошуп бал чайкап, / Чалкайган нечен бай жатат, / Кары-жашы аралаш, / Хан Манастын жомогун, / Ырчыларга ырдатат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →