куугун

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Бирөөнү кармап алуу үчүн артынан түшүп кууган аракет, куугунтук.
  2. Ошондой максат менен бирөөнү кармоо, куугунтукка алуу үчүн жиберилген адам же бир нече кишилердин тобу.
  3. Айдоо, сүргүн, куугунтук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кошуундан чыгып компойуп, / Чүкө ичинде томпойдой, / Элге батпай кортойуп, / Жети сууга барам деп, / Кетип барат Каракөз, / Аркамдан куугун жетет деп, / Санаасы сан, кыйал миң, / Нетип барат Каракөз, / Өлбөй тирүү бар туруп, / Кайран жандан түңүлүп, / Кечип барат Каракөз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Артынан бар дебеңиз, / Алдыраса арканча, / Артынан куугун барбаса, / Киши эсепке албаса, / Өзү келет бир күнү, / Чойтолоңдо ал канча? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куугунсуңбу ыраактан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →