кут
- Дин ишениминде асмандан түшүүчү бакты-таалай.
- Эпосто калмаккытайлардын бутунун моюнга тагып, же коюнга катып өзү менен кошо алып жүрүүгө ылайыкташтырылган кичинекей элеси, сүрөтү (идол.).
- Адамдын жаны – адамды жашатып, кыймыл-аракетке келтирип, өмүргө кубат берип туруучу күч.
- өт. Бакыт, таалай, дөөлөт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кутупту көздөй жол тартып, / Кур семирген тору атчан, / Кутурган бала оң тартып, / Өткөн чактан азыр чак, / Калган экен бой тартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай карынын, / Алдына барып суранып, / Аттанып кутуң жөнөдү, / Бөрү тилме, өткүр курч, / Көк найзасын өңөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кууган жанды куткарбас, / Кутуштун куу айагы, / Карап турса баланы, / Карагандан жан чыгат, / Кармагандан кан чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кутурганың кут кылып, / Кут кап менен бир кылып, / Эсебиңди берсем, / Талпагың ташка кербесем, / Эригип бекер жаткыча, / Айбанат уулап келбесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сомбилек жеңди, деп угуп, / Түлөө кылып, мал сойуп, / Май кайнады бар үйдө, / Эр бүлө баары тынч алып, / Баары уйкуда бүл күндө, / Атыңды угуп биздин эл, / Бек ыраазы күнүндө, / Карынын баары ынтызар, / Айдай жүзүң көрүүгө, / Кут түштү деп калышат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →