курчтук
- Курчугандык, өткүрлүк (металлдан жасаган куралдарга карата айтылат).
- өт. Тайманбастык, өткүрлүк, өкүмдүүлүк.
- өт. Таасирдүүлүк, катуу таасир тийгизе алгандык.
- өт. Таасын көрө ала турган көрөгөчтүк, өткүрлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кененимдеп бакырып, / Менин атым Шермат хан, / Кел бери, деп чакыр, / Шермат ханды көргөндө, / Курчтугу эрдин кармады, / Алдындагы кулага, / Айабай камчы салганы, / Жик жараңка көрүнгөн, / Жерди көрүп Кеңкула, / Мында бар деп бир бала, / Жанаша казган эки ордон, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Курчтугуна суктанып, / Сол жагына байланып, / Аккула оозун жайганы, / Арышын керип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Чаптырганда арстаным, / Тарттырганың эң жаман, / Бүткүл курчтан жасатып, / Ууга чылап сугарган, / Курчтугунан балтанын, / Билбей калды падышам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Курчтугун көрсөң албарстай, / Кеңдигин көрсөң Таластай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →