курча
- Жип, кур ж.б. менен айландыра байлоо, таңуу.
- Тегеректөө, ортого алуу, курчоого алуу.
- Кучагына алуу, ороо, каптоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба ко…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жабыла минип калбастан, / Аттанып барың чыккыла, / Алактаган буруттун, / Аскерин курчап жаткыла, / Кутуруптур бул бурут, / Бар шайтанын каккыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Антип абаң болбоду, / Буурулду минип болкойуп, / Сыр найза колдо койкойуп, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Ак олпок тонун кийинип, / Ак келтесин асынып, / Ачалбарсын байланып, / Ай балтаны жанга алып, / Буттай темир курчанып: / “Коңурбайга теңелип, / Келгенин көрчү Кутургур, / Ат изин салып Таласка, / Кап, сени!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мусурканып, мурчанып, / Муздай темир курчанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →