курут1

китептерде 48 жолу, 9 китепте
  1. Тоголоктоп кургатылган сүзмө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шоорук хан минтип айтканда, / Ырыскан айтып кеп баштап: / — Сен муңдуу эмес, Шоорук хан, / Мен муңдуумун, — деп баштап, / Баарың кыргыз уулусуң, / Бириңди-бириң куруттуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Отуз алты киши элек, / Опсуз салдык урушту, / Колуна курал алган жок, / Камчы менен курутту, / Барып кайра келгенче, / Алдайар таксыр ханыбыз, / Көргөн-билген жумуш бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эзген курут кошкон май, / Ажыкең ичти даамын жай, / Ажыкең чыкса талаага, / Көрүндү көзгө Тараша, / Чубаган жылкы андан көп, / Чаң уйулгуп дүркүрөп, / Бурулуп тозоң сүрдүгөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир күн келип Таласка, / Ач көзүн салып алашка, / Камал кылып күн бербей, / Бизди жаман курутту, / Коңурбай кебин жаңыртып, / Жоготом деп бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көз көрүнөө курутту, / Кылганын көргөн кылым журт, / Кара лөк атка койушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →