курусун
- Кимдир бирөөнү же бир нерсени жактырбаган, жаратпаган, наалат айткан, нааразы болгон мааниде айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүгүн келсе беш урук, / Башын кесип байланып, / Ат-тонун олжо алып, / Алматыга баралы, / Топтуу караан калдайып, / Көргөн күнү курусун, / Баш калкалап жан багып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыгылды кулжа дардайып, / Атканын жазбай кулатып, / Алмамбет калды барбайып, / Барбайганы курусун, / Басайын десе Алмамбет, / Эки буттан кан агып, / Мунжу болгон эмедей, / Туруп калды шалайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей айтып жатканда, / Бакай баатыр баркылдап: / — Кой, Семетей, кеп кылба, / Курусун жүзү каапырдын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мындай түлөө курусун, / Жүргүлө, балдар, кайталы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →