курулуш
- Курулуп, жасалып жаткан ар кандай объект, имарат жана ошол иш жүрүп жаткан жай.
- Жалпы эле куруу иштери же ушундай иштерди тейлөө тармагы, Курулуштун жетекчилери менен болгон чогулуштан кийин Байсалов үйүнө кеч кайтты (Сасыкбаев).
- Бир нерсенин курулган, уюштурулган, тартипке келтирилген системасы, түзүлүшү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →