куру2
- Түгөнүү, жок болуу, соолуу.
- Азап тартуу, эзилип-кыйналуу, шору кайноо, жүдөө, начарлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чубатып калган колдорун, / Колбутуп айдап алыптыр, / Куруп калган Торгой кыз, / Жээн жайлоодо калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабарын угуп Гүлүстөн, / Жалгызектин сураткан: / “Үч ай салып ойнойун, / Кайта өзүнө берейин, / Колун куру койбойун” / Деп анык айтып болжолун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Куру калган жериң жок, / Катардан калып Канчоро, / Хан болуп элге тең келдик!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →