курт2

китептерде 66 жолу, 10 китепте курт 1 →
  1. эск. Бөрү, карышкыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Курт-кумурска, бөй-чайан, / Жан-жаныбар баары урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →