курт1
- Омурткасыз майда жаныбарлардын жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Курт-кумурска, бөй-чайан, / Жан-жаныбар баары урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →