курсак

китептерде 131 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын же башка жаныбарлардын карын, ичеги, боор ж.б. ички органдар жайгашкан дене бөлүгү, ичи.
  2. Карын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тойгуза курсак ашын жеп, / Тогуздап темир тон кийип, / Тоодой капыр аттанды, / Кыйар барды өлдү, деп, / Көргөндөрү шаттанды, / Карап туруп кыр жактан, / Торгой байкуш какшанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Мен тойуп келдин, Кененим, / Сен турасың ач курсак, / Эми кантер экенсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып жатты буларды, / Көзүнүн жашы бурчактап: / — Тар курсакта жатпадык, / Талашып эмчек татканбыз, / Каныкей сүтүн актадың, / Кайаша мага айтпадың, / Өлүмгө сынап жумшадым, / Башыңды кайра тартпадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →