курдаштык
- Курбулук, теңтуштук, жолдоштук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат токусаң болгонуң, / Көөнүң сергип толгонуң, / Элди бузуп чуу салдың, / Эгерде эки болбойсуң, / Гүлчоро анда кеп айтат: / — Ой, Канчоро, — деп айтат, / Алдыңа келдим ант актап, / Бала чактан бирге өскөн, / Курдаштык жолун мен сактап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →