курдаш
- Курбу, теңтуш.
- Жашы бирдей, жашташ, тең чамалаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камдап баарын келгенде, / Алдындагы чалууга, / Токочтон жүздү жегенде, / Эт алдына келгенде, / Суунун уулу Суумерген, / Эшиктен кирип келди эле, / Бери кел дебей курдашын, / Бербей жалгыз жеди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал Карадөө курдашым, / Акылмандын бири эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара бет барып кеп айтат, / Улуусунуп деп айтат: / — Кел эжекелер, — деп айтат, / Кичүүсүнүп кеп айтат, / Ой курдаштар деп айтат, — / Түндө жатып түш көрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →