кургур
- Бирөөгө боору ачуу, аёо маанисинде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кеп угуп тилдүү тирилип, / Үйгө кирди бүгүлүп, / Урмат кылып баш ийип, / Келинден бетер жүгүнүп, / Белин чындап ийиптир, / Тизеси жерге тийиптир, / Салам айтып бөкчөйүп, / Уруксат менен ал кургур, / Олтуруп калды чөкчөйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…атка мингизди, / Султандыгын билгизди, / Ыңырчаксыз казакка, / Ак каңгы ээр токутту, / Кечилдери минбес жоргого, / Келиндериң койкойтту, / Каматкыдай текече, / Кургурда күнөө ушубу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынтып, / Жамгырдан сөйкө салынып, / Булуттан парда бүркөлүп, / Узун көйнөк, кең салбыр, / Этеги жерге сүйрөлүп, / Муңдуу байкуш кургурлар, / Сүйлөшүп алсын дегенсип, / Жылдыздын баары жылмайып, / Булут жерге жабылып, / Жолун таппай карышкыр, / Жоортулдан калды жаңылып, / Кутубай, Чүрөк, Гүлчоро, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каныкей кургур ошондо, / Шымды тартуу кылганда, / Көңүлү эрип чыдабай, / Касиеттүү хан Кошой, / Бата берген ушуга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жаткан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →