кургакта
- Кургак кылуу, сууну, ным болгондорун алып, тазалап, кургак нерсе салуу, кургак абалга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суумергендин артынан, / Кубалап жолго киргели, / Кургакта күнүң жыйырма алты, / Сууда жүрдүң сегиз күн, / Күнү-түнү санаты, / Алтымыш сегиз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…дун бөлүнүш, / Айрылышаар жер эле, / Азиз хандын Алмамбет, / Амалы арбын, акыл көп, / Айласы артык неме эле, / Кайырдыдан тоспосун, / Канымды сууга кошпосун, / Кургакта басып нетейин, / Аш кайнамдык жол калды, / Суунун түшүп түбүнө, / Сүзүп өтүп кетейин” - / Деп ойлонуп Шыпшайдар, / Жанындагы заңгисин: / — Кара жол менен баскы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен суу турат, / Болбосо өзү кургакта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтканымды кабыл ал, / Суу ичинен изин чал, / Из болбосо кургакта, / Өзөндү бойлоп жолго сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ным тартып калган белем, деп, / Кулагында дарыны, / Кургактап салып барыны, / Курбудакы кулжаны, / Коборбой атып жыгам, деп, / Жана атса от жебей, / Жаштык кылып Сейити, / Эч нерсени элебей, / Бекер мылтык ал эмес, / Бейбаратке кишиден, / Калган мылтык деги эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →