кургак
- Нымы, суусу калбай кургаган, какшыган.
- Суу жетпей, нымсыз болуп какшыган, какыраган (жер шартына карата айтылат).
- Жаансыз, жаанчачыны жок. Тулада күз айлары кургак болот («Аалам»).
- өт. Бекер, куру, курулай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канаттуусу ар түрдүү, / Айбанаты сан түрдүү, / Суу айбаны канча түр, / Кургак жерде бар айбан, / Суу бетинде такыр жүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баатырдан найза жеткенде, / Тоону талкан жерди бас, / Кургак жерден суу чыгып, / Көл айланып болгон саз, / Отор аттан кулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ып, / Чакмак чагып жаткандай, / Жер силкинип калчылдап, / Чарт айрылып аткандай, / Тоо козголуп калтылдап, / Таштар кулап жаткандай, / Көл чайкалып дүрүлдөп, / Кургак жерди баскандай, / Сел келип кыйан бууланып, / Жер бузулуп жаткандай, / Кыйын заман иш болду, / Чойун алп менен Кененим – / Эки баатыр кез болду, / Калдагай ку…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Куткарбас менен Тапан хан, / Кол кармашып бир болсо, / Желмогуз канчык кошулуп, / Кумсар менен төрт болсо, / Жери жашыл жээк болсо, / Суусу ачуу туз болсо, / Кургак жер сары кум болсо, / Сапырылып чаң болсо, / Адамдары алты түр, / Айдап келер көп болсо, / Ак кишиси азыраак, / Куткарбаска касыраак, / Кара беттүү киши көп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →