курбалдаш
- Жашы жагынан бири-бирине курбу, курдаш, теңтуш, жашташ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түбү хандын тукуму, / Бойунда тоодой талабы, / Асыл менен курбалдаш, / Хан Калдыкты салалы, / Деп Атынек айтканда, / Арамзаада Көкбөрү, / Ичинде ойлоп акыл, деп, / Айтканы жок, макул, деп, / Акырайа бир тиктеп, / Калжырабай нары тур, деп, / Өрттөй көзү кызарып, / Өпкөдөй бети бышаарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чойун алп басты санаасын, / Дабытайга кошулуп: / — Кесилет менен Ачакан, / Курбалдашым Дабытай, / Сен үчөөңө кошулдум, / Эминеден кемим бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мени менен курбалдаш, / Сыр жашырбай жүрчү эле, / Этегиңе эрмешип, / Кошулса Тапак биздерге, / Куткарбаска арыз айтып, / Тапан хан качат ал түндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп Канчоро айтканда, / Токтоно албай Керменбай, / Кылычын кындан суурганда, / Көкжалыңдын Сейитек: / — Кылычты кындан тартышың, / Кой, Керменбай кеп эмес, / Мен курбалдаш киши деп, / Гүлүстөн абам алдында, / Айтпады беле далай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Жамгырчы келгени: / “Курбалдашым, Бакай хан, / Өмүрүмдүн акыры, / Мындай уруш мага жок, / Бир беттешип көрөйүн, / Муну мага бер деди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →