курама

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Куралган, бириктирилип, бири-бирине кошулуп, кураштырылып түзүлгөн.
  2. тар. Башка уруунун адамы, башка уруудан келген, жат, бөтөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курама темир курч кылдың, / Куранды жыйып журт кылдың, / Кытай, калмак кулданып, / Алып кеткен кыргыздын, / Ажыратып баарысын, / Алтымыш уруу алаш деп, / Ай-ааламга дүң кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк анда кеп айтат, / Каныкей менен Бакайды, / Катары менен муңайтат: / — Үзүлгөндү улаган, / Жыртылганды жамаган, / Кыркылганды жалгаган, / Кылымга ишин арнаган, / Курама темир курч кылган, / Куранды жыйып журт кылган, / Акыл ээси карылар, / Айтканга кулак салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →