курам
- Татаал бирикмелерден турган бүтүндү түзүүчү бөлүктөрдүн жыйындысы.
- Белгилүү бир коллективди, уюмду түзүүчү адамдар.
- Ар түрдүү элементтерден, заттардан түзүлгөн бирикме.
- Бири-бирине чиркелген темир жол вагондорунун тутуму.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алик алып саламды, / Бир карады баланы, / Кармашкандан кажыбас, / Болгон экен убагы, / Жыйырма бештей толуптур, / Ошол кезде курамы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мурадилдин артынан, / Ээлүүдө бар курамы, / Жатка окуган “Кураны”, / Колу менен жасаган, / Койнунда бар кудайы, / Калмактардын Уушаңы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Белгисин айтчы Сейиттин, / Жаш курамы канчада?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үстүңө алтын күмбөз курам.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →