курак1

китептерде 5 жолу, 3 китепте курак 2 →
  1. Кандайдыр бир материалдын кесилген, өөнөлгөн бөлүктөрү, кыйыктары, өөнү жана андан жасалган буюм, кийим-кече, төшөнчү ж.б.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаш эмессиң Орунбай, / Кары эмессиң Орунбай, / Элүүдөн ашкан курагың / Акылың толгон убагың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кем-керчи жок салынган, / Кураксыздай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →