куп1

китептерде 52 жолу, 10 китепте куп 2 →
  1. «Макул», «макул, болот» деген мааниде колдонулат.
  2. Абдан, эң мыкты, ойлогондой.
  3. Тангыч формадагы этиш сөздөр менен бирге айтылып, «эч», «эч бир», «түк» деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Куп жыйылдың баарыңар, / Арамдык кылган Алмамбет, / Бир айласын табыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суракчы Бакай болуптур, / Колдон келген чагымда, / Баарыңды сойуп койбогон, / Мага да куп болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куп болду бул иш мага — деп, / Өз башыма мейли эле, / Мени — деп, — жүрүп бул өлсө, / Гүлчорого убал» — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →