кунсуз
- Киши колдуу болуп өлүп, бирок куну төлөнбөй, айыптуу кишиси жазага тартылбай калган адамга карата айтылат.
- өт. Баа жеткис, абдан кымбат, эң мыкты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Адылбек болуп арачы, / Нике кыйып Жакыпка, / Магдымдын тынды санаасы, / Эрге тийсе катындын, / Кунсуз экен баласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кобурлуу жерде кулжаң бар, / Кумдай кийик мында бар, / Кулжаңды макул атайын, / Куйкалап этин татайын, / Корголоп зоонун түбүндө, / Курушуп бир түн жатайын, / Кунсуз жанды бакканча, / Кубаарым этин татайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →