кундак1
- Атыла турган (мылтык, замбирек ж.б.) куралдардын ийинге такап мээлеп атууга ылайыкталган арткы, жазы бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көркөм күлүк Көктеке, / Күчөп-күчөп түйүлгөн, / Кундактай бели бүгүлгөн, / Кулжадай саны түрүлгөн, / Курсагы жыйнак тартылган, / Кулагы жалдан артылган, / Аргамжы бойу аң келсе, / Туйагын жерге какпаган, / Кереге бойу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
чүрпөңдү, / Төрөнүн жалгыз перзенти, / Учураша кетели, - / Эпчи жакта жүк бурчу, / Боор такасы алтындан, / Көзү сүйкүм мөлтүрөк, / Кохардан мончок тагылган, / Кундактагы баланы, / Борумдуу тууган Каныкей, / Ажыбайга берди эле, / Эңкейе түшүп Ажыбай, / Хан Кошойго сунду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куурап күндө какжыра, / Кундагыңды чыгарып, / Чөлгө ыргытып ийбесем, / Ошондо чирип жоголгун, / Темириңди акпаган, / Көлгө салам тийбесең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арыштап Гүлүс түйүлүп, / Аа кошулуп Сейитек, / Алдынан утур жүгүрүп, / Желбести мыктап жетелеп, / Айчүрөк келет жүгүнүп, / Кундактай бели бүгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кудай кылат ар ишти, / Курчанып белин баса элек, / Кундакта жатып бул жетим, / Кылганы турат бир ишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →